Кой жылдызы – Шашпаңыз. План түзүп алып, аны көздөңүз.
Букачар – Күндү жакыныңыз менен көңүлдүү өткөрүү сунушталат.
Эгиздер – Бүгүн жаңычылдыктарга жол ачуудан коркпоңуз.
Бөйөн – Жакындарыңызды таарынта көрбөңүз. Ар бир сөздү ойлонуп анан айтыңыз.
Арстан – Демилгечи болуу ар дайым сиздин мойнуңузда, чамдаңыз.
Бийкеч – Таланттуусуз! Болгону аны ар ким биле бербейт, аны айтып көрсөтүүдөн тартынбаңыз.
Тараза – Жумушту илгерилетүү үчүн алгач оюңузду топтошуңуз керек.
Чаян – Сизден бүгүн сабырдуулук талап кылынат.
Жаачы – Киреше кайдан келип атат? Чыгаша каяка кетип атат? Жеке капчыгыңызга көңүл бөлүңүз.
Текечер – Көптөн бери кыялданып жүргөн ойлорду ишке ашырууга убакыт келди.
Суупери – Эки эле сөздөн турган сүйлөмдү айтат сизге жылдыздар. Эс алыңыз.
Балыктар – Кырдаал бат-баттан өзгөрүп турушу мүмкүн. Сизге ийкемдүү болуу сунушталат.