Сыймык Бейшекеев сууда сүзүүнү мыкты өздөштүрсө, Самар Каримова сүрөттү жакшы тартат. Ырчылардын өңгө билбеген өнөрлөрү….

Табияттан берилген үн, аткаруучулук чеберчиликтен тышкары биз ырларын сүйүп уккан ырчылардын эл билбеген өнөрлөрү бар.

Маселен, КРнын эмгек сиңирген артисти, калк кадырлаган, эл сүйгөн ырчы Сыймык Бейшекеев бир топ жылдан бери спорт менен машыгып келет. Таң эрте туруп 8 чакырымга чейин чуркап, андан сырткары сууда сүзүүнү дагы мыкты өздөштүргөн. “Дени сак жашоого болгон кызыгуумду америкалык 101 жаштагы апа арттырган. Ал жашына карабай күн сайын чуркап, машыгуу залына барып жүргөнүн көрүп таасирленгем” –дейт ырчы.

Ал эми ырчы Талант 60К ырчылык өнөрдөн тышкары жыгач устачылыктын майын чыгарат. Бош убактысында үй эмеректерин жасоо менен алектенет. Анан да ток чубалгыларын, тиричилик техникасын өз колу менен оңдоп коймою бар.

Өзүн ырчылык эле эмес актриса катары жана саясат жаатынан да сынап көргөн Самара Каримованын сүрөтчүлүк өнөрү дагы бар. Өзүнүн айтымында кийин ардактуу эс алууга чыкканда ал талантымды өнүктүрүп, сүрөт тартуу менен алек болом дейт. Бул менен гана чектелбестен ырчы акындык өнөр менен да алектенип, ыр жазууну жактырат.