Жубайы менен чейрек кылым бирге түтүн булаткан Сыймык Бейшекеевдин үлпөт тою кандай өткөн?

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, калктын кадырлуу ырчысы Сыймык Бейшекеев мындан 25 жыл мурун жубайы Нурзадага баш кошкон.  1995-жыл, 15-октябрь бул үй бүлө үчүн өзгөчө дата. Дал ошол күнү борбордон жубайын ээрчитип туулуп өскөн жери Токтогулга сапар тарткан. Ал учурду каарманыбыз төмөндөгүдөй эскерет:

“Өзүм айылда өсүп чоңойгондуктанбы, айтор үлпөт той өткөрүүгө анчалык кызыккан эмесмин. Ал учурда филармонияда окуп жана иштечи элем. Өзүмдүн бир аз чогулткан тыйыным менен ата-энем берген миң сомду үйлөнүүгө жумшагам. Ага чейин биринчи борбордон үйлөнүп, унаага шар байлап алып айылга алып барганды кыялданчы элем. Ал эңсөөм да аткарылган, бирок ошол күнү Төө-Ашууда кар жаап, тыгындан Токтогулга кеч барып байлаган шарыбызды эч ким көрбөй калган(күлүп). Эртеси жубайыма шөкүлө, кыргыз көйнөгүн кийгизип, дос-теңтуштар менен райборборго барып сүрөткө түшүп, эс алуу уюштурганбыз.”

Чейрек кылым бирге түтүн булатып эки уул эки кыздын бактылуу ата-энеси болушкан түгөйлөр быйыл 25 жылдык юбилейди жакындар менен белгилөөнү пландап жатышат. Жайдары команданын атынан каарманыбыздын үй бүлөсүнө өсүп-өнүү жана бар жакшылыктарды каалайбыз.

Калкыбызда баш кошкон түгөйлөр көп болуп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!