Жакында теле алып баруучу жана актёр Самат Эркинбековдун үй бүлөсүндө Сүйүнчү айтылат…

Гуля аттуу каармандын ролун катыра аткарып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон  актёр, алып баруучу жана шоумен Самат Эркинбеков жакында ата болууга даярданууда. Бул тууралуу актёр жубайы Чолпонай экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн Инстаграм баракчасына жүктөп, “Кудайга шүгүр! Биздин үйдүн ичинде сүйүнүч-кубаныч, жылмаюу”, – деген билдирүүсүн калтырган.Сүрөттө анын жубайы кош бойлуу экенин көрүүгө болот. Белгилей кетсек Самат жубайы Чолпонай экөө 2015-жылы баш кошушкан. Бул жаңылык интернет колдонуучуларынын жакшы пикирине арзып, куттуктоо, жакшы сөздөр арналууда.