Жакшылыктын эрте-кечи жок. Вайнер Чыңыз Султанов үйлөнүү тоюн өткөрдү….

“Жарайт Сити”, “Эл эмне дейт?” долбоорлору аркылуу таанылган актёр, вайнер Чыңгыз Султанов менен жубайы Айчүрөк  баш кошкондон кийин дээрлик бир жылдан соң үлпөт той өткөрүштү. Ак тойго түгөйлөрдүн жоро-жолдоштору, кесиптештери, шоу-бизнестин өкүлдөрү конок болушту.

Салтанат оюн-зооктор менен коштолуп, анда Чыңгыз Султанов ырдап, жубайы менен тарткан тамашалуу видеолорун меймандарга көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Султанов сүйүктүүсү Айчүрөк менен 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөн. Алар 2020-жылы 3-июлда баш кошушкан.