Жөнөкөй күндөн майрам жараткан Сүйүнчү!

25-декабрда көптөн күткөн, канчадан бери жар салып, камылга көрүп келген Сүйүнчүдө “Жаңы жылдык корпоратив” болуп өттү. Таң аткандан, күн батканча жайдары толкундан жандуу аткаруу, ыр күлкү үзүлгөн жок.

Кыргыз эстрадасынын каймактары катышкан корпоратив жогорку деңгээлде өттү. Сыймык Бейшекеев, Гульнур Сатылганова баштаган, Самара Каримова, Кайрат Примбердиев жана Токтобек Асаналиев коштогон эл сүйгөн ырчылар келип угарманга ырын арнап, жаңы жылдык куттуктоосун айтышты.

Угармандардын чын дилден ыраазычылык билдирип жөнөткөн билдирүүлөрү, келген меймандардын жарык маанайы биздин команданы дагы да болсо шыктандырды.

Ар күнүбүз майрам менен коштолуп, Ала Тоо арасында Сүйүнчү гана жаңырып турсун!