Ырчы Төлөгөн Мамыров Кара – Сууга күйөө бала болду

Жубайыңа жумшаксың деп досторум,
Сөз кылышат, мен ал сөздөн коркподум.
Өз аялым, жумшак болсом эмне экен?
Жумшак эмес, мерездиктен коркомун – деген ыр саптар  көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун таап, хит чыгармага айланган. Өзү үйлөнө элек болсо дагы жүрөккө жеткире аткарган ырчы жана обончу Төлөгөн Мамыров бул чыгарманы арнай турчу жарын тапты. Дегенибиз, бүгүн 26-сентябрь ырчынын үйлөнүү тою өтүп жатат. Ырчы мырзага  байланышканыбызда бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

“Келинчегимдин аты Айтурган, 18 жашта. Ош облусунун Кара-Суу районунан болот. Заманбап үйлөнүү тоюубуз менин туулуп, өскөн жерим Ноокат районунда өтөт” – дейт.

Төлөгөн Мамыровго үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Өлкөбүздө баш кошкондордун саны өсүп, Сүйүнчү гана жаңырсын!