“Таш жааса да той уланат…” Кыргызстанда биринчи жолу онлайн той өттү

Кыргызстанда биринчи жолу үйлөнүү той онлайн форматта өттү. Түгөйлөр 27 жаштагы Искендер Халмурзаев жана 24 жаштагы Юлия Ким үлпөт тоюн мурдатан эле дал ушул карантин күндөрүнө белгилеп келишкен. Алгач датаны башка учурга жылдыруунун ойлошуп, бирок жагдайдан чыгууга жол табылган. Онлайн үлпөтүнө телефондогу эле тиркеме аркылуу 35 адам кошулуп, кадимкидей тост айтылып, ыр-бий, шоу программалар болгон. Ал тургай ырчылар байланышка чыгып ыр аткарышкан. А бирок той учурунда кыйынчылык жаралбай койгон жок. Алсак, интернет айрым учурда ыкчам болбой, анан да коноктор менен жеке байланыштын жоктугу ыңгайсыздык жараткан. Эң кызыгы онлайн үлпөт тойго да кечигип кирген меймандар кездешти. Үлпөт той бир жарым саатка созулуп кызыктуу жана өзгөчө болгонун айтышат. Белгилей кетсек,  буга чейин карантин учурунда  Казакстанда да үйлөнүү той өткөн.

Өлкөбүздө жайдары турмуш өкүм сүрүп, тойлор гана өтүп турсун!