ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Сүйүнчү! Элмирбек төрөлдү!

23-апрель күнү куудул, шоумен Манас Алыкулов уулду болду. Бул сүйүнүчкө улай шоумен ымыркайдын ысымын Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин атынан койгонун жарыялады. ” Уулубуз да элдин уулу болсун. Элмирбек агабыздай узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанымал залкар болсун дедик. Төрт туягы такалуу, суу куйса чайпалбаган жорго…