ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Сууперилер – кылып жаткан ар бир ишиңизден ырахат алууңузду жылдыздар кеңеш беришет…

Кой жылдызы – Чечкиндүүлүк сизди ийгиликке жетелейт

Букачар – Өзүңүзгө ишениңиз. Мүмкүн эмес деген иштерди да колго алып , аракеттениңиз

Эгиздер – Жаныңызда сизди коштогон жакыныңызга жылуу сөз арнаганды унутпаңыз

Бөйөн – Ар бир жаралган кырдаалдан өзүңүзгө керектүүсүн, пайдалуусун алып калганга жетишиңиз

Арстан – Колдоо издесеңиз, тартынбастан жакын адамдарга кайрыла бериңиз. Сизге алар жок дебейт.

Бийкеч – Майда-чүйдө нерселерге көңүл бурбаңыз. Жашоо кызыктуу, ал кызыктарды көрүп, сезе билиңиз.

Тараза – Өжөрлүк гана эмес, тобокелчилик дагы ийгиликке жетелейт.

Чаян – Акчаңызды туура колдонуу үчүн финансылык сабаттуулук боюнча китептерди барактап коюу сунушталат.

Жаачы – Чарпылып ар жака жетишем дей бербеңиз. Маанилүүсүнө көңүл бөлүңүз

Текечер – Куру сөз, убада берүүдөн алыс болуңуз.

Суупери – Кылып жаткан ар бир ишиңизден ырахаттаныңыз

Балыктар – Татаалдаштыруунун кереги жок. Ар бир иште оңой жолдорун издеңиз