Сүйүнчүгө толгон жылдын башкы корпоративи!

24-декабрда командабыз менен көптөн бери жар салып келген жылдын башкы корпоративи болуп өттү. Биринин артынан бири агылып келген ырчылар жөнөкөй күндөн майрам жаратып, жаңы жылдык атмосфераны тартуулашты. Узап бара жаткан жылда Сүйүнүчү менен тең бөлүшкөн атактууларды бир күндө бир толкунга чогулттук.

Калк арасында кадыр тапкан ырчылар Кубаныч Ажыбаев жана Сыймык Бейшекеев алгачкы конокторубуз болду. Быйыл Кубаныч Ажыбаев Президенттин Ардак грамотасын алса, Сыймык Бейшекеев ютуб каналында 100 000 катталуучу топтоп, күмүш баскычка ээ болгон.

2021-жыл Кыргызстан үчүн спорт жаатында олжолуу жыл болду десек жаңылышпайбыз. Биринин артынан бири чемпион аталган спортчуларыбыздын арасында дүйнө чемпиондору Калмира Билимбек кызы жана Эрназар Акматалиев дагы бар. Кыргыздын желегин желбиреткен сыймыктарыбыз дагы Сүйүнчүнүн төрүндө мейман болушту.

Былтыр 14 саат тынымсыз Манас айтып Гиннестин ректорддор китебине кирүүгө белсенген манасчы Дөөлөт Сыдыков быйыл Россия Федерациясында 5 күн 5 түн Манас айтып көпчүлүктү таң калтырды.

Ал эми Айчүрөк Иманалиева “Эл артисти” наамын алып чыгармачылыкта көптөн күткөн ийгилик жаратса, Алтынай Нарбаева бир жылда эки жолу куда күтүп, уул үйлөнтүп, кызын турмушка узатты.

“2021-жыл чындыгында той-мааракеге толгон жыл болду” деген ырчылар Кайрат Примбердиев, Сайкал Садыбакасова, Замир Арыкбаев жана Токтобек Асаналиев  быйыл той төрүнөн түшпөй эл жакшылыгында кызмат кылышты. Ал эми Султан Садыралиев чыгармачылыгын жандантып, эл күткөн, эл сагынган ырларды жаратты.

Дүйнөлүк хиттерди комузга салып элге таанылган Назбек Кенчинбаев жана “Суунун боюнда” ыры менен атактуу болгон Төлөгөн Мамыров кырк жылкылуу болуп “Ата” статусун алышты.

Белгилүү тамашоучу Самат Эркинбеков уулуна тушоо той берип, ак өргөлүү болуп кубанса, өзгөчө үндүү ырчылар Минюра Рахимжанова жана Марс түгөйлөрүн табышты.

Ал эми бул таттуу түгөйлөр Урмат Токомбаев менен Салидинас дагы чыгармачылыктан махабатын таап, быйыл бирге түтүн булатууга бел байлашты.

Кыргыздын сүймөнчүктүү ырчысы Нурлан Насип жыл аягында ата-энесине той берип, бата алгандардын катарында болду.

Сүйүнчү радиосунда быйылкы жылы эң көп жаңырып, угармандардын суроо-талабын күчөткөн ырлар Темир Дамирбековдун “Ким сени алдаган”, Калыс Жакыповдун “Жүрөгүңө айт сүйүп койсун” чыгармалары болду.

Бир жылдары “Евразия жылдызы” аталып кыргызга Сүйүнчү алып келген КРнын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков корпоративдин жыйынтыктоочу мейманы болду. Ал дагы быйыл сериалга тартылып чыгармачылык жаатында өсүш жасаганын айтып, жакшы жаңылыктары менен бөлүштү.

Ар күнүбуз майрам менен коштолуп, укканыбыз Сүйүнчү гана болсун!