Сүйүнчү! Ырчы Токтобүбү Черикчиева “Эмгек сиңирген артист” наамын алды…

Ырчы Токтобүбү Черикчиева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды. Сыйлык бүгүн, 2-апрелде президент Садыр Жапаров тарабынан тапшырылды. Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасына жарыялады.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчынын 50 жылдык юбилей концертинде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын ыйгарууну пландалганын министрликтин өкүлдөрү айтышкан. Бирок концертте наам тапшырылбай, муну түзүлгөн комиссия сыйлык ала тургандардын саны көп экен деп кыскартып койгондугу менен түшүндүргөн. Токтобүбү Черикчиева “Жалгыздыктан жадап бүттүм”, “Колукту”, “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң”, “Сүйгөн жар”, “Жолугарым билгенмин” жана башка ырларды жеткиликтүү аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган.