Сүйүнчү! Ырчы Төлөгөн Мамыров кырк жылкылуу болду…

Сүйүнчү! Обончу жана аткаруучу Төлөгөн Мамыров кырк жылкылуу болду. Ырчынын жубайы 1-декабрга караган түнү Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарды.

“Бүгүн таңкы саат 4төрдө жубайым көз жарды. Ооруканалардагы карантиндик эрежелерге байланыштуу төрөткө катышкан жокмун. Учурда эне, баланын абалы жакшы. Чоң атасы менен чоң апасына ысым ыйгарууну табыштаганбыз, алардын чечимин күтүп жатабыз”, – дейт ырчы.

Эске салсак, Төлөгөн Мамыров 2020-жылы сентябрдын аягында сүйүктүүсү Айтурганга баш кошкон. 

 

Ымыркайдын боосу бекем болуп, элибизде Сүйүнчү гана жаңырып турсун!