Сүйүнчү! Съездбек Искеналиев 40 жашында кырк жылкылуу болду

Бүгүн 14-майда ырчы Съездбек Искеналиевдин жубайы Жаркынай борборубуздагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Кырктын кырына келгенде кыздуу болгонуна жетине албай жатканын жашырбаган ырчы сүйүнчүсүн калың журтка жар салды. Белгилей кетсек, буга чейин түгөйлөр эки кыз, бир уулду тарбиялап келишкен. Ымыркайдын боосу бекем, ден соолугу чың болсун!

Өлкөбүздө наристелер көп төрөлүп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!