Сүйүнчү менен кайтышсын…

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров өзү түзгөн “Ынтымак” тобунун 10 мүчөсү менен Түркияга учуп кетти.

“Түркияда өтүүчү түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык фестивалына “Ынтымак” тобунун 10 мүчөсү менен катышуу үчүн бара жатабыз. Буюрса, ал жакта Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип, өнөрүн даңазалайбыз. Бул биз үчүн чоң ийгилик жана кубаныч. Өлкөбүзгө жеңиш менен келебиз деген ишеничте бара жатабыз. Иш-чара бир жума болот, ага 20 мамлекеттен өкүлдөр катышат”, – деп билдирет ырчы.

Сынакта баш байгени багындырып, Сүйүнчү менен кайтышсын!