Сүйүнчү! Кут – береке жаадырып, булак көзүн ачтырган Нооруз келди жергеме!

Сүйүнчү радиосунун шайырлары сиздерди, улустун улуу майрамы менен чын ыкластан куттуктайт! Берекенин башатын, бейпилдиктин каадасын сунган бул мезгилде ар бир үйгө ырыс-кешик ыроолоп, ар бир жандын ой-максаты орундалышына тилектешпиз. Жашооңуз жайдары болуп, жан дүйнөңүз музыкага толсун!

Сүйүнчү радиосу бул күнгө карата эң сонун майрамдык эфир камдады. Жаздын демин даана сездирген толкун катарында болуңуз!