Сүйүнчү! Гүлназ Чыныбек кызы темир тулпарлуу болду…

Эң биринчи эле жаркылдаган мүнөзү, жароокерлиги, жөнөкөйлүгү менен элдин сүймөнчүлүгүнө айланган ырчы Гүльназ Чыныбек кызы темир тулпарлуу болду. Бул тууралуу инстаграм баракчасына сүйүнчүлөгөн ырчы кызга байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди:

” Унаамдын маркасы “Toyota camry”, 50 – кузов. 2014 – жылы чыккан, баасы $12000.  Буга чейин атамдын , агамдын унаасын айдап калчумун. Бирок өзүмдүн унаам болгон эмес. Бул эң алгачкы темир тулпарым.
        Эң биринчи Бишкектеги үйүмө айдап бардым. Барсам баары машинасын токтотуп , короодо бир эле орун калыптыр, ал дагы аябай тар экен.  Кичине алдыга айдап,  түшүп карайм, кайра кичине артка айдап кайра түшүп карайм. Айтор, 15 мүнөт дегенде токтоттум” (күлүп).

Белгилей кетсек, Гүльназ Чыныбек кызы буга чейин борбордон батир сатып алганын да сүйүнчүлөгөн.

Жаркылдак кызга ийгилик каалап, Сүйүнчүсү менен куттуктайбыз!