Сүйүнчү! Эрлан Андашев “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды

Кандай ыр жаратпасын дароо хитке айланган, океандын ары жагында жүрүп кыргыз ыр сүйүүчүлөрү үчүн мыкты чыгармаларды тартуулаган Эрлан Андашевдин эмгеги бааланды. Ал “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ал күйөрмандарына инстаграм баракчасынан сүйүнчүлөгөн.

“Сүйүнчү, достор! Күтүүсүз жерден ушундай төш белгиге ээ болуп отурам. Учурдан пайдаланып маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге терең ыраазычылык билдирем. Ошондой эле кыргыз элиме Чоң рахмат, ырларым сиздер үчүн жаңырсын”, – деген ырчы өз билдирүүсүндө.