Сүйүнчү! Дүйнөлүк Гиннесс китеби багындырылды!

Сүйүнчү! 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынымсыз манас айтып, “Гиннесстин рекорддор китебин” багындырды. Иш-чара борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө манас айтты. Манасчы дээрлик 14 саат 27 мүнөт бою тынымы жок манас айткан. Аны колдоп аянтка миңдеген шаар тургундары жана өнөр адамдары чогулуп, аягына чейин “Манастап” ураан чакырып турушту.

Рекорд коюлган соң, Дөөлөт Сыдыковго алгач эле суу беришип, медициналык кароодон өткөрүштү. Абалы жакшы экени айтылды. Эл алдына чыгып сөз сүйлөп, келгендерге ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын байрагы дүйнөлүк деңгээлде желбиреп, жакшы иштер жасалып, Ала Тоо арасында Сүйүнчү гана жаңырып турсун!