Сүйүнчү! Дүйнө багындырылды…

       Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев “Гиннесстин рекорддор китебине” киргендигин тастыктаган расмий сертификатты колуна алды. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору Андрей Сопуев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев ушул жылдын 29-февралында “Гиннесстин рекорддор китебине” эң көп убакыт иштеген хирург катары катталган.

Анда 93 жаштагы Мамакеевдин хирург катары 67 жыл 181 күн иштегени айтылат.