«Сүйүнчү-Премия» долбоору уланууда! «Ардактуу мугалим» номинациясынын финалситтери тандалды

Сүйүнчү ФМ радиосу «Сүйүнчү-Премия» долбоорун улантууда. Бул ирет «Ардактуу мугалим» номинациясы үчүн келип түшкөн сунуштардын ичинен төмөнкү мугалимдер тандалып алынды.

1️⃣ДЖОРОБЕКОВА ЖЫЛДЫЗ

✅17 жылдык эмгек тажрыйбасы бар.

✅Талас облусуна караштуу Айтматов районунун Чолпонбай айылындагы, Байсылда Мырзабаев атындагы орто мектептин башталгыч класстын мугалими.

2️⃣ДАНИЯР САРЫКОВ

✅11 жылдык тажрыйбасы бар.

✅Бишкек шаарындагы №100 кесиптик лицейде “технология жана электромонтаж иштери” кесиби боюнча мугалим.

3️⃣БЕКСУЛТАНОВА АЙЗАДА

✅Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу №77 мектепте мугалим
✅Эл агартуунун отличниги, мугалимдиктен сырткары «Өмүр» тобунда ырчы

 

Учурда suiunchu_fm инстаграм баракчасында аталган финалисттерге добуш берүү башталды. Эң көп добуш топтогон финалист жеңүүчү деп табылып, «Ардактуу мугалим» номинациясына ээ болот.

🏆2026-жылы “СҮЙҮНЧҮ-ПРЕМИЯ” аркылуу ар кесиптин мыктыларын биргеликте аныктайлы!