Сүйүнчү FM радиосунда «Жылдыздуу отуруш» — Роза Шакирова менен!

             “Жылдыздуу отуруш” долбоору

            Сүйүнчү FM радиосу жыл сайын «Жылдыздуу отуруш» долбоорун өткөрүп келет.  Бул долбоор радиостанциялар арасында эксклюзивдүү болуп саналат.

Сүйүнчү FM радиосундагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири  «Жылдыздуу отрушта» кыргыз эстардасынын атактуу жылдыздары өз күйөрмандары менен эфирде жолугушат.  Угармандар үчүн бул эң сонун мүмкүнчүлүк,  ырларын сүйүп тыңдап, алыстан кумир туткан ырчысы менен бир эфирде, бетме-бет отуруп, чогу ырдап, каалаган суроосуна жооп алып, эстеликке сүрөткө түшүп, чер жаза алышат. Долбоор алкагында КРнын Эл артисти Сыймык Бейшекеев, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Самара Каримова, Кайрат Примбердиев, элдин сүймөнчүктүү ырчылары Нурлан Насип, Анжелика ж.б көптөгөн жылдыздар менен жүздөн ашык угарман жолугууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.