СҮЙҮНЧҮ FM 6-СЕЗОНДУ ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ!

Сүйүктүү радиостанцияңыз — Сүйүнчү FM 6-сезонун чоң шаң менен жыйынтыктады. Угармандардын сүймөнчүгүнө айланган, радионун башкы шоусу «Боорсок шоу» бул сезондогу соңку эфирин өзгөчө форматта өткөрдү.

Бул өзгөчө чыгарылышка жыл бою эң активдүү жана туруктуу угармандар чакырылып, эки саат бою чогуу ырдап, тамашалашып, күлкү-шаңга бөлөндүк. Радионун максатына шайкеш келген — той-майрамды сүйгөн, тамашакөй, ырды жакшы ырдаган, шаңдуу меймандар эфирге өзгөчө өң берип, студияны майрамга айлантышты.

Эң кубанычтуусу — көпчүлүк угармандар Сүйүнчү FM радиосун 5-6 жылдан бери туруктуу угуп келе жаткандар экенин белгилешти. Бул биздин эң чоң сыймыгыбыз жана шыктандыруучу күчүбүз!

Радио жамааты жана «Боорсок шоу» командасы бардыгыңыздарга терең ыраазычылык билдирип, алдыдагы жаңы сезондо дагы жаңы идеялар, кызыктуу программалар  менен кайтып келүүгө убада берет!

📡 Сүйүнчү FM — ар бир үйдө Сүйүнчү жаңырсын!