Кыздарды кайра – кайра ыр суранткан Алмаз Шаадаев, түнгө чейин миңдеген катталуучуларга онлайн концерт тартуулаган Гүлназ Чыныбек кызы…

Бул күндөрү жумурай журтту эриктирбеген интернет айдыңы не бир кызыктарга толуп турган учуру. Аны менен катар биздин жайдары радио “Сүйүнчү – жылдыздарда” долбоорун баштаган. “Чу” дегенде эле кыргыз эстрадасынын сүймөнчүктүү ырчысы Толгонай Арзыкеева баракчаны колго алып катталуучулардын көңүлүн көтөрдү. Өзү Америкада жүрсө да кыргыз эли менен бирге болгон Эрлан Андашев океандын ары жагындагы карантин учурун көргөзүп берди. Ага улай канчалаган кыздардын арзуусуна айланган Алмаз Шаадаев түз эфирде кайра-кайра ыр сурантып, тамаша сөзүн аралаштырып күйөрмандары менен баарлашты. Андан да кызыгы жөнөкөйлүгү менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан жаркылдак ырчы Гүлназ Чыныбек кызы а деп баракчага кошулганда эле миңдеген катталуучуларын ээрчите келди. Ал эми түз эфирге сиздер каалаган ырчылар менен “Ыр кесе” уюштуруп берем деп сөз берген ырчы айткандай эле эл суранган өнөр ээлерин түз байланышка тартты. Колдоп-коштоп, жакшы сөздөрүн сүрөөн катары билдирүүгө жазган күйөрмандардын кебине элжиреп кеттиби айтор, Гүлназ айымдын онлайн концерти үч саатка чейин созулуп он миңдеген көрүүчүнүн назарын бурдурду. Мына ушундай окурман, мындай кызыктардын аягы чексиз. Мындан ары да сүйүктүү радиоңуз сиз күткөн жаңычылдыктарды тартуулап, кубантууну уланта берет. А бүгүнкү кезек бүтүн кыргызга жаккан шоумен, актёр жана тамада Самат Эркинбековдо.

Ар бирибиз ден соолукта болуп, жайдары жашоодо жашайлы!