Кыргызстандын кичинекей жарандары – майрамыңар менен!

Жер бетинин жандуу гүлдөрү, ар бир үйдүн жарыгы болгон балдардын эл аралык коргоо күнү менен Сүйүнчү радиосунун командасы куттуктайт!

Биздин келечек,  өмүрдүн үмүтү, жашообуздун  маңызы балдар менен!  Ар бир наристе бекем ден соолукта,  бактылуу балалыктын доорун сүрсүн. Балалык пайдубал кубанычка бай, сүйүнүчкө толо болуп, каткырык – күлкү менен коштолсун.

Ар бир кыргыз үйүндө ымыркайлар көп төрөлүп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!