Кыргыздын муза символу аталган Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо 79 жашка чыкмак

Бүгүн 12-январь таланттуу композитор жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Көптөгөн мыкты чыгармаларга обон жараткан инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 79 жашка толмок.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуштан кийинки жылдарга туш келип, апасынын колунда өскөн. Анткени атасы советтик бийлик тарабынан репрессияланып, кийин сөөгү да табылбай калган. Жаш талант кичине кезинде эле аккордеон чертип элдин эрмеги эле. Элеттеги мектептен билим алган соң Ош педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1963-жылы аяктаган.
Обончу эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрынан баштап, кийин Жалал-Абад, Өзгөн элдик театрларында эмгектенген. Андан соң борбор калаадагы филармонияда иштеп, Ош шаарындагы маданият үйүн дагы жетектеп калган. 1970-жылдардан баштап өмүрүнүн аягына чейин Ош мамлекеттик институтунда мугалимдикти аркалады. Бул убакыт аралыгында ал көп жаштарга жол көрсөтүп, устат болгон. Шакирттеринин арасында Токон Эшпаев, Жолдошбек Мамажанов, Исмаил Бакиров, Абидин Темиров жана КРдин Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов өңдүү белгилүү аткаруучулар бар. Азыр дагы кыргыз музыка өнөрүнүн айдыңында жүргөндөр аны устат тутарын айтып келишет.

Абдыкадыров 300дөн ашык обон менен музыкалык чыгармалардын автору. Көпчүлүгү азыр дагы эл оозунан түшпөй ырдалып келет. “Алмашым”, “Түгөйүм”, “Сагынуу”, “Издейм сени”, “Алтынчы күнү кечинде”, “Жүрөктү кетпе жаралап”, “Биз экөөбүз” аттуу ырлары канча деген муундуу өстүрдү. Анын эмгектерине коңшу Казакстан, Өзбекстандагы музыка сүйүүчүлөр да баа берип, обончуну түрдүү иш-чараларга чакырып турган. Абдыкадыров жашоосунда бир гана ырдын сөзүн жазып, кийин акынчылыктан оолак болууга аракет жасаган. Аткаруучу бош убактысында сүрөт тарта калчу.

Бала кыял, өтө жөнөкөй ырчы келинчеги менен 24 жыл бирге жашап беш кызды тарбиялап өстүргөн. Узакка чейин ал уулдуу болууну эңсеп жүрүп 53 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Учурда Абдыкадыровдун кыздары түрдүү тармактарда эмгектенип келет, алардын арасында ата жолун жолдогондор жок. Композитор каза болгондон кийин ага “Эл агартуунун отличниги” наамы берилип, ысымы Ош шаарындагы филармонияга ыйгарылган.