“Кыргыз маданияты – эл турганда эч качан өлбөйт”. Маданияттын чыныгы жүзү Саламат Садыкова менен маек…

2-ноябрь Маданият кызматкерлеринин майрамына карата Сүйүнчү радиосунун төрүндө КРнын Эл артисти, Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова болду. Сөздүн гүлүн терип, адамдын ажаатын ачып сүйлөгөн өнөр ээсинин кызыктуу маегин сунуштайбыз.

Кыргыз маданияты дегенде сиз деп билебиз. Маданияттын жүзү катары эмгегиңиз баа жеткис. Майрамыңыз кут болсун. Кош келипсиз. Биздин төргө келген адам алгач сүйүнүчтөрү менен бөлүшөт. Кандай жакшы жаңылыктарыңыз бар?

Жакшы болот. Жараткан пендесин жаратып, ушул ааламдын кожоюну өзүңсүң, кудуретиңдин, акыл – парасаатыңдын жетишинче кызмат кыл дейт экен. Бардык кыбыр эткен жандыктардын ичинен бул ааламдын паашасы адам экен. Адам адамга кызмат кылып, өзүн агартып, анан барып ааламды агартат. “Артымдан там калганча тал калсын” деп, бала-бакыраны өстүрүп, тарбия берип мына ушул жаңы заманга жеттик. 2020 – жылды элим кандай өткөрүп жатса, мен дагы ошолордой эле калк ичиндемин.

Абалга жараша өлкөбүздө маданият үйлөрү жабылып, сахна төрүн сагынсаңыз керек. Күйөрмандарды учурда тойлордон эле кезиктирип жатасызбы?

Ооба, тойлорго деле сейрек барам. Бирин-экин жакшылыктарда эле эл менен кезигип жатам. Сиз айткан мен иштеген филармониянын эшиги жабылганына жарым жылдан ашуун убакыт өттү. Сагындык, сахнаны жан дүйнө каалап турат.

Ушунча жылдан бери чыгармачылык дүйнөсүндө жүрөсүз. Бир эмес эки мамлекеттин макамдуу сыйлыктарына ээ болдунуз. Айтсаңыз, чыгармачыл адам үчүн төш белги, сыйлыктардын канчалык мааниси бар?

Негизи чыгармачылыктын өзгөчө касиети болот. Мына мен тогуз жашымдан бери ырдап жүрөм. Чыныгы чыгармачыл адам сыйлык жөнүндө ойлобойт. Өзүңдөн-өзүң куш сыяктуу талпынып, умтула бересиң. Элдин алдына чыккан сайын сахнага тартыла бересиң. Чыгармачылыктын артынан эл-жер көрүп, бери жагы Кремлден ары жагы Польшанын элине чейин концерт койдук. Чын дилден кылган кызматың болсо, калктын баасы эле сен үчүн сыйлык болот экен.

Берген маектериңиздин биринде улуу муундагы өнөр адамдар унутулуп баратат. Кыргыз маданиятыбызга сарсанаа болуп келем дегениңиз бар. Учур маданиятына берген бааңыз, оюңуз кандай?

Мен ушул маданият тууралуу сөз кылардан мурун, алгач кыргыз искусствосунун ээлерин майрамы менен куттуктагым келет. Маданиятсыз өмүр кунарсыз болот. Адамдын рух дүйнөсүнүн жарды болгону анын шору болот дейт. Ал эми бүтүндөй улуттун руханий дүйнөсү жардыланса жууса кеткис трагедияга алып келет экен. Кыргыз маданияты – эл турганда эч качан өлбөйт. Кандай кырдаал болбосун өнөр жоголбойт. Артыбызда канча деген таланттуу жаш муундар тарбияланып келе жатат. Ошолор ар дайым үмүттүн шамын жандырат.

Сиздин өмүр баяныңызды карай турган болсок, барбаган өлкөңүз, кыдырбаган жериңиз калбагандай. Азыр эгер мүмкүнчүлүк болсо кайсы өлкөгө гастролго чыгат элеңиз?

Пандемияга чейин чет өлкөгө көп иш чараларга чакыруулар бар эле. Өзгөчө мени Казакстанда кандай иш чара болсо да көп чакырышат. Кырдаалга байланыштуу гана эч жакка чыга албай турабыз. Элимде аманчылык болуп, тынчтык өкүм сүрсө эле чет жердеги иштерди жандантабыз.

Чыгармачылыгыңызга ийгилик, бекем ден соолук каалайбыз. Бар болуңуз!