Кайрат Нуртастын жубайы Сүйүнчүсү менен бөлүштү

Казакстандын популярдуу ырчысы Кайрат Нуртастын жубайы Жулдыз Абдукаримова “Аалам сулуусу-2020” сынагында жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу блогер өз инстаграм баракчасынан сүйүнчүлөдү. Буга чейин Жулдыз Абдукаримова интернет колдонуучуларга кайрылып, 24 күн аралыгында ага добуш берүүгө катышууну суранган. Жеңишке ээ болгон ырчынын жубайы сынактын уюштуруучуларына, добуш берген күйөрмандарына, үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын билдирген. Айтымында, коңшу өлкөлөрдүн жарандары дагы Жулдыз Абдукаримовага добуш беришкен. ⠀

Белгилей кетсек, “Аалам сулуусу” сынагы 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Алгачкы жолу Болгарияда өткөн. Сынактын негизги шарты кайсы өлкөдөн болбосун 18 жаштан 55 жашка чейин үй-бүлөлүү айым катышуусу кажет. Аталган сынак быйыл коронавирус илдетинен улам онлайн форматта өттү.