Европанын жүрөгү аталган Чехияга саякатка чыгабыз

Саякатты сүйүүчүлөргө салам айтып, биз менен бирге бүгүн дагы кызыктуу өлкөгө радиосаякатка чыгууга чакырабыз.

Европанын жүрөгү деп аталган Чехия мамлекети жана анын саякатоого эн кызыктуу болгон борбор шаары Прага тууралуу болот.

Чехия – Европа өлкөлөрүнүн арасынан эн кооз деп эсептелет. Чехиянын өзүнөн дагы анын борбору Прага шаары  тууралуу айтуу, же саякатка баруу өтө кызыктуу. Ал жер жомоктогудай табышмактуу шаар. Шаар ичиндеги айрым имараттардын кайталангыс тарыхы бар дешет. Прагага  келген адамдар анын сыйкырдуу атмосферасына бөлөнүп өзүн кайсы бир жомоктун каарманы катары элестетет. Борбордук аянтта жайгашкан имараттын чоңдугу адамды таң калтырбай койбойт, курулуштун болжолдуу аянты 14000 куб метрди түзүп, ичиндеги бөлмөлөрдүн санын 1240ка жетет. Дүйнө эли Праганы Европанын жүрөгү деп бекеринен айтпайт, анткени ал географиялык картада дагы чок ортосунда жайгашкан. Анын үстүнө Европалыктар өзгөчө баалаган архитектуралык кооздукту жана маданият менен тарыхтын ажайып кооз айкалышын Прага шаарынан көрүүгө мүмкүн. Акыркы жылдары экологиялык жактан таза азыктарга суроо талап күчтүү болуп жатпайбы. Чехиялыктар да дүйнө элинен артта калбай табигый жол менен өстүрүлгөн жемиштерди жана экологиялык стандарттар менен даярдалган азыктарды жакшы көрүшөт. Базарларда азык жана жемиштерди  фермерлер өздөрү сатышат. Сатып алуучулар каалаган суроолорду узатып аларга жооп ала алышат.

Учурда, Прагага саякаттап келген туристтердин саны  абдан эле арбын. Чехия Республикасынын эң ири шаары аталган Прага  “Встала” дарыясынын жээгинде жайгашкан. Биз бүгүн саякаттап жүргөн шаарда тарыхый эстеликтер абдан көп. Дал ушул себептен  ЮНЕСКО уюму 866 га аянтты ээлеген Праганын борбордук бөлүгүн дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизген. Айтмакчы, бул жакта тарыхый эстеликтеринин элеси түшүрүлгөн сувенир жана белектерди ар бир үйдөн жолуктурууга болот. Демек, Прагага саякатка келген турист тууган – уругума кандай белек алып барам деп баш орутпайт.Чехиянын кооздугу  баян болуп айтылып, эл арасында “Злата Прага” таштардан жасалган кыял деп аталчу. Праганын тарыхый эстеликтеринин коллекциясында хан сарайлар, сепилдер, музейлер жана мунаралар, галереялар, концерттик залдар бар, ал эми Карлов көпүрөсү өзгөчө баага татыктуу. Мунун баарын миң уккандан бир көргөн жакшы. Андыктан мүмкүнчүлүк болсо чыныгы саякатка чыгып келиңиз.