Cүйүнчү! Ырчы Бек Исраилов “Славян базары” сынагында байгелүү орунга ээ болду.

Эстрада ырчысы Бек Исраилов Беларусь өлкөсүнүн Витебск шаарында өткөн “Славян базары” музыкалык сынагына катышып, 3-орунга ээ болду.

Ырчы Бек Исраилов 16-июль күнү конкурстун биринчи турунда Александр Серовдун “Я люблю тебя до слёз” аттуу ырын аткарды. Орусиянын Эл артисти Лариса Долина баш болгон калыстар тобу ырчы мырзага жалпы 69 упай беришти.

Ал эми кечээ, 17-июлда музыкалык сынактын экинчи турунда англис тилиндеги дүйнөлүк хит чыгармалардын бирин аткарды.

“Славян базары” эл аралык музыкалык сынагы 1992-жылдан бери өткөрүлүп келет. 30 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул сынакка буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкая, ырчылар НэнаЭрлан Андашев катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.

Быйыл аталган сынакка 14 өлкөдөн келген ырчылар катышты.