Cүйүнчү! “Акыркы көч” тасмасы эл аралык фестивалда байгеге татыды…

Сүйүнчү! Кыргыз режиссёрлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Акыркы көч” тасмасы Малайзияда өткөн эл аралык фестивалда байгеге ээ болду.

 Куала-Лумпур эл аралык фестивалында (KlIFFS) “Акыркы көч” тасмасы калыстардын атайын байгесине татыды. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу иш-чара онлайн форматта өткөн.

Куала-Лумпур эл аралык фестивалы – бул Малайзиядагы жана дүйнө жүзүндөгү жаш кинорежиссёрлор үчүн тасмалар аркылуу коммуникация аянтчасын камсыз кылууну көздөйт жана жаштар менен кесипкөй режиссёрлордун ортосундагы достук мамилелерди өркүндөтөт. Фестиваль жаңы кинорежиссёрлорду табууга жана тасмалар аркылуу маданий алакаларды кеңейтүүгө арналган.

“Акыркы көч” тасмасы жалгыз жашаган пенсионер жазуучунун окуясын баяндайт. Башкы каарман күндөрдүн биринде досу катуу ооруп жатканын угуп, батирин сатып, каражатты досунун дарылануусуна жумшайт. Бирок көп узабай эле башкы каармандын иниси ур-токмокко кабылат. Жазуучу кимге жардам берүү керек деген тандоодо калат.

Кыргыз маданияты өркүндөп – өсүп, элибизде Сүйүнчү гана жаңырып турсун!