Бирге жеңебиз!

Дүйнөнү мүңкүрөтүп турган аты жаман “Коронавирус” оорусу учурда бир да жанды кайдыгер калтырган жок. Ага каршы күрөшүүгө ар бир инсан көмөгүн аябай жан үрөп турган кези. Сүйүнчү радиосу кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары менен биргеликте уюштурган инстаграм флешмобу интернет колдонуучулар тарабынан алкышка ээ болуп жатат. Андагы билдирүүлөрдү мисал кылсак “Чакырык абдан сонун, көңүлдү көтөрүп койдуңар, кайра – кайра көргүң келет, бирге жеңебиз” деген сындуу ой-пикирлерди калтырышкан. Флешмобго Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Сыймык Бейшекеев, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков баш болгон эл сүймөнчүлүктөрү Нурлан Насип, Темир Назаров, Малика Дина жана башка ырчылар катышты. Сиз дагы четте калбай видеону өз баракчаңызга бөлүшүп #биргежеңебиз хештегин белгилеп коюңуз.

Өлкөбүзгө бакубат турмуш өкүм сүрүп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!