“Бала кезимде суу куйду тентек болдум”. КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев жаштыгын эскерет….

 “Сүйүнчү” радиосунда дагы бир сонун программа. Сиз кезинде балалыгыңызды, жаштыгыңызды, алгачкы сүйүүңүздү кечирген жалындуу дооруңузду эске салабыз. Программанын кезектеги каарманы 70-жылдары кыргыз эстрадасы жаңы гана башталып, 90-жылдары болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жеткен учурда  сиз ырларын жатка билип, кошо ээрчип ырдаган КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев.

Сиздин жаштыгыңызды эскерүү, башкаларга айтып берүү өзгөчө жагымдуу болуш керек. Ошол маңыздуу, түстүү, ийгиликке толгон жаштыгыңызга бир барып келели. Бала кезиңиздеги кыялдарыңыз, максаттарыңыздын  канча пайызы азыр ишке ашып отурат?

Менин балалык кыялдарым 4-классымдан башталат. Алгачкы жолу 1985-жылы мектептер аралык сынакка катышып баш байгени багындырганда шык, дем ошондо пайда болгон. Эң биринчи жөндөм, артисттикке болгон каалоом ошол кезден тарта күч алды. Ата-энемдин айтуусунда кичинемде куюлуштуруп, оюман чыгарып Манас айта берчү экенмин. Андан соң 6-класстан тартып комуз менен ырдоону өздөштүрө баштадым. 8-классымда Тууганбай Абдиев айылга концерт коюп барып араңарда шыктуулар болсо шакирт кылып алып кетейин деди. Бирок мен тартынып бара алган жокмун. 18 жашымда обончулкка болгон кызыгуум арта баштады. Эң биринчи “Бегайым” деген ыр жазгам. Бирок аны ырдап чыккан жокмун. Кийин “Гүлбайра” чыгармасын жазып, 10 жылдан кийин гана элге тартууладым. Кеч чыкканын себеби эң биринчи жазган ырларымды тартуулагандан уялчу элем. Чала бышкан сыяктуу сезиле берчү. Бирок ал ырдын чыкканына 20 жыл өтсө дагы азыр деле барган жерден ыр сүйүүчүлөр суранышат. Толук кандуу обончулукка 1993-жылдан баштап кириштим. Филармонянын алдындагы эстрадалык студияда окуп жүргөндө “көчөт обончулар”, азыркы атактуулар Элмирбек Иманалиев, Токтобек Асаналиев, Кенже Кубатова деген сындуу кесиптештерим менен чыгарма жаратсак бири бирибизге угузуп, сын-пикир айттырып жүрүп такшалдык деп ойлойм. Ошондон кийин толук кандуу обончу катары “Көлдүк кыз” деген ырдын обонун жаздым.

Адам өмүрүндөгү тайманбаган, өрт, шок, тентектик доору жаштыгында болот эмеспи. Бул нерселер сизде дагы болгонбу? Деги эле ал кезде мүнөзүңүз кандай эле, азыр канчалык деңгээлде өзгөрдүңүз?

Албетте, ал нерсе менде да болгон. Баам салып көрсөм, негизи эле чыгармачыл адамдарда шоктук сөзсүз боло турган нерсе экен да. Себеп дегенде өнөр ичтен тынчтык бербей бир нерсе менен алагды болуп турууну талап кылат экен. Мен дагы “суу куйду тентек” деген мүнөзгө кирет элем. Эсимде, шоктугумдун айынан апамдын жаңы идиштерин көп талкаладым. Оюнга алаксып жүрүп, жайып жүргөн малды жогтуп, үйдөгүлөрдү көп чыгымга учураттым.

Касым Тыныстанов 22 жашында кыргыз алфавитин түзсө, Жусуп Абдрахманов 26 жашында өлкө башкарган экен. Булардын катарына дагы сизди кошуп улай турган болсок жаштыгыңыздагы кайсы ийгилигиңиз үчүн сүйүнөсүз?

Бул инсандарга салыштыруу, теңелүү кыйын. Ар бир адамдын өзүнө жараша ийгилиги болот. Менин эң сүйүнгөнүм 19 жашымда улуу залкарлар менен бирге жүрүп, алардын батасын алганым. Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиев сындуу улуулардын чыгармачылыкта чачпагын көтөрүп, гастролдо сапарлаш болуп, дасторкондо насиптеш болгонума сыймыктанам.

90-жылдары кыргыз эстрадасы өтө популярдуу болуп турган учуру эле. Аны менен катар гастроль дагы күчүнө кирип турган кезде сиздин Кыргызстандын барбаган айылдары, сиз баспаган жерлери калган жок болсо керек. Ошол учурдун, эл аралоонун кызыктары, түйшүктөрү тууралуу айтып берсеңиз.

Бул тууралуу Эстебес атамдын айтканы дайым эске түшөт. “Кыргызстанда мен отурбаган төшөк, ээгим тийбеген чыны, чыканагым койбогон жаздык калган жок” дечү эле. Анысы сыңары өнөрдүн арты менен жергебиздин бардык жерин кыдырдым. Жөн эле көчөдө басып баратсаң тааныш кишидей кол берип учурашканы албетте, өтө жагымдуу. Аны менен артынан Кыргызстандын булуң-бурчунан дос күттүк, туугандаштык дегендей. Кыйынчылыгынан кызыгы көп гастролдун жакшы гана жагын эстегим келет.

Сиздин репертуарыңыздагы эл сүйүп уккан ырлардын бири “Күзгү нөшөр” чыгармаңыз тууралуу сурагыбыз келет. Бул ырдын тарыхына токтолуп өтсөңүз.

Бул ырдын тарыхы 1996-жылга барып такалат. Туулуп өскөн жерим Кетмен – Төбөгө барып бата алуу үчүн концерт бердим. Ошондо бул ырдын сөзүн жазган Бактыгүл Чотурова эжекем жазылган ырларын атайын көтөрүп келип, обон чыгаруумду өтүнгөн эле. Арасынан эң эле көңүлүмө толгону “Күзгү нөшөр” болгон. Арадан бир топ убакты өткөндөн кийин үйдө отуруп кокусунан эсиме кайрыктар кылт дей түштү. Эң биринчи эле жубайыма ырдап бердим. Ал жакшы ыр болгонун айтты. Ага көп ишенкиребей Элмирбекке барып (ред. Элмирбек Иманалиев) ырдап бердим. Ал өзү чыгармачылыкты өтө баалаган адам эле. Угуп эле көздөрү жашка толуп, кучактап кубанды. Абдан жактырды. Элмирбекке жакты демек, элге дагы жагат деп ырдап чыктым.