Арзан баадагы эстен кеткис эс алуу, саякат үчүн эң ылайыктуу өлкө – Өзбекстан

Дүйнөгө өзүнүн ашы жана ак пахтасы менен белгилүү болгон  коңшу Өзбекстан Республикасына бүгүн радиосаякатка чыгабыз. Күнөстүү жана жашыл өлкө. Өзбекстанга саякатка баруу биз үчүн алда канча жеткиликтүү, оңой.  Себеби, жакын жана ал жакта жатакана тамак – аш дагы арзан. Анан албетте визасыз эле кирип барасыз. Кези келген саякатчы эң биринчи жайгашып алуу үчүн конок үй, мейманканаларды издешет эмеспи. Өзбексанга барган соң сиз дагы 5 жылдыздуу же 4 жылдыздуу  мйманканага жекааласаңыз жергиликтүү тургундар бере турчу өздөрүнүн үйүн ижарага алып жайгашсаныз дагы болот. Борбор шаары – Ташкент. Бул калаадагы элдин маданияты менен тарыхын тааныштыра турчу белгилүү жайлардын бири «Биби ханум» медересеси. Бул жерге келген туристтер сөзсүз барышат. Ашхабат Паркына барып кызыктуу саякатты улатсаңыз болот. Чон шаарлары Ташкент, Самарканд, Бухара.

Өзбекстанга саякаттап баргандар калкы меймандос, базарда жер жемиш, мөмө – жешиш жана тамак – ашы кенен  жана арзан деп баалашат. Ал эми соода жагына келгенде өзбек туугандардан аша турган калк жокко эсе.Чындыгында соодага өтө шыктуу эл. Өзбекстанга келген туристтердин бардыгы сөзсүз түрдө баш бага турчу жер Ташкенттеги палоокана. Эң даамдуу ашты ушул жерден жеп көрүп, анын даамы дайым эсиңидзе калса керек. Баса кызыгы, эң чон казанга 3 тонна аш бышырылат экен.

Арзан баадагы эстен кеткис эс алуу, саякат учун эң ылайыктуу өлкө деп айта алабыз. Миң уккандан бир көргөн дейт мүмкүнчүлүк болсо бул коңшу өлкөгө саякатоого сөзсүз барып келиңиз.