Акбарыма ыраазымын… Ырчы Акбар Сүйүнбаев кандай күйөө бала? Кайнененси Айтбүбү апа менен маек

Адатта келин-кайнене, күйөө-бала кайнене ортосунда кандайдыр бир чек болору жашыруун эмес. Биздин төрүбуздүн конокторунда андай аралык жок. Эне баладай ысык мамиле, бири бирине сый-урмат күч. Ырчы Акбар Сүйүнбаев кандай күйөө бала? – деген суроого кайненеси Айтбүбү апанын жооп бергенин сиздерге да сунуштайбыз.

Эң биринчи күйөө бала менен көрүшкөндөгү күндөн маекти баштасак. Акбар мырза тууралуу сиздин алгачкы оюңуз.

Ал убакты эстесем мен ушунчалык сүйүнөм. Кызым мага айтып калды. Ушундай бир жигит менен сүйлөшүп жүрөм. Аны сиз деле көрүп жүрсөңүз керек, абдан таланттуу жигит деп. Мейли анда, каршы эмесмин таанышалы дедим. Өзүңө жагып жатса карыш эмесмин дедим. Таанышканыбыз Нооруз майрамына туш болуп, мен Бишкекке келип калды. Башында чынында жүрөгүм дүкүлдөп башкача болдум. Ар кандай ойлор келди. Чыгармачыл жигит болсо, жашоолору кандай болот деп кооптондум. Акбарды көргөндө кандайдыр бир жылуулук пайда болду. Бир көргөндө эле жакшы көрүү сезим болду. Эркектик сапаттары төп келишип, сүйлөгөнү өң келбети баары жайында экен. Сүйлөшө бер деп макул болуп, батамды бердим.

Күйөө бала артист экен, гастролдоп эки жакка көп чыкса кандай болот деген ой жаралдыбы?

Жок, андай ой болгон жок. Анткени чыгармачылыкты мен абдан жакшы түшүнөм. Чыгармачыл адамадарды өзгөчө баалайм. Мейли акынбы, мейли жазуучу, мейли ырчы болсо дагы мындай адамдарды түшүнүү керек деген сезим жашайт менде. Кундуз өзү ошол жаатта жүргөндөн кийин баары жакшы болот дедим.

Акбар мырза кандай күйөө бала болду. Ошол алгачкы таанышуудан азыр эмнеси өзгөрдү дегендей.

Акбарды башында кандай жакшы көром азыр эки эсе жакшы көрөм. Мага өзгөчө жаккан жагы абдан камкор. Үй бүлөсүнө, балдарына аябай күйүмдүү. Акбарымдын токтоолугу, сабырдуулугу жана чечкиндүүлүгү бар. Менин күйөө баламда эркетик мыкты мүнөздөр бар. Бул үчүн атасына аябай ырахмат айтам.

“Ыраазымын” рубрикасы

Балдарыма абдан ыраазымын. Акбарымдын эң жакшы сөзү бар. “Эне атаны канчалык ыраазы кылсаң, кудай сага ыраазы болот” деген. Ушуга эле аябай ыраазы боло берем. Садага болоюн, бир туугандарың менен үй бүлөң менен бар бол.

 

 

Ар ишемби саат 17:00

 “Кадырлуу кайын-журт” программасы