ЖАЙДАРЫ ЖАША!

7-сентябрь. Аптанын алгачкы иш күнүндө жылдыздар эмне дейт?

КОЙ: Жалкоолукка жол жок! Бүт жагынан жолдуусуз бүгүн.

БУКАЧАР: Күндүн сөзү-демилге! Тобокелчиликке баруудан коркпоңуз!

ЭГИЗДЕР: Маанилүү чечимдер күтө турат. Башкалар үчүн жумуш башталса, сизге дагы эс алууга болот.

БӨЙӨН: Күнүңүздүн ар бир мүнөтүн пландап, жазуунун кереги жок, жашоо өзүнүн сонун пландарын камдап койду.

АРСТАН: Тоону тоңкором деп жаттыңыз беле? Убакыт келди!
Бийкеч- Ойлорду ишке ашырууга болуп көрбөгөндөй сонун күн! Чамдаңыз!

ТАРАЗА: Өзүңүздүн мыктылыгыңызды көрсөтүңүз, бүгүн айланадагыларды таң калтыра аласыз.

ЧАЯН: Жалгыздык эмне экенин унутуңуз. Сизге жаккан компания менен өзүңүздү курчаңыз.
Жаачы- Биринчи жолу ийгилик жаралган жокбу? Маселе жок, экинчи үчүнчү жолу аракеттене бериңиз.

ТЕКЕЧЕР: Таарынычтар толуп кеттиби? Сизди уккан адамга ичиңиздеги болгон сезимдерди айтуудан тартынбаңыз.

СУУПЕРИ: Сан эмес сапат маанилүү! Чечим чыгараарда, жети өлчөп бир кесиңиз.

БАЛЫКТАР: Ички туюмуңуз сизди бүгүн ийгиликке жетелейт.