ЖАЙДАРЫ ЖАША!

2020-жылдын алгачкы иш күнү, жылдыздар кандай кеңеш берет?

Кой жылдызы – Кереги жок, пайдасыз ойлордон арылууга убакыт келди, жаңы жыл жаңы ой-тилектер менен коштолушу керек.

Букачар –  Күнүңүздү пайдалуу өткөрүңүз. Спорт менен машыгып,  таза абада сейилдөө сунушталат.

Эгиздер – Күндүн кечки убактысын жакындарга арнаңыз. Баарын сүйүнтө турчу жакшы иш-аракет көрүңүз.

Бөйөн – Тууган-урукту кыдырып, айылчылаңыз.

Арстан – Сиздин сүйкүмдүүлүгүңүз бардык маселени чечет.

Бийкеч – Бүгүн баарына жөндөмдүүсүз. Чамдаңыз.

Тараза – Күмөн санап, ишеним жаратпаган маселени унутуп, алдыга бийик максаттарды коюңуз.

Чаян – Кумурскадан пил кылуунун кажети жок. Баары оз убактысы менен болот.

Жаачы – Жагымдуу сунуштарды угасыз, баш тарта көрбөңүз.

Текечер – ийгиликке ишениңиз жана аны каалаңыз.

Суупери – Сизге бул күн мүмкүнчүлүктөрдү жаадырат! Колдоно билиңиз.

Балыктар – Көптөн күткөн жолугушуу сиз үчүн жагымдуу өтөт.