Өзгөчөлүктөрү менен таң калтырган – Исландия

Дүйнөдө канча өлкө болсо алардын ар биринин өгөчөлүктөрү бар. Бүгүнкү биз радиосаякатка бара турчу жерде адмдар өзү мене өзү болуп, ойлорун жыйынтыктап, жаңы жашоону баштаганга шык ала турчу жай деп сүрөттөшөт. Кайсыл өлкө болду экен деп кызыгып калсаңыз керек…
Бул чымын – чиркейлер дагы кездешпеген тынч, эс алууга ылайыктуу жер – Исландия. Өлкөдө жай баракат жашоо,эч ким эч жакка шашылбайт. Болгону, Исандияга алгачкы ирет баш баккан адамга жергиликтүү тургундар сүрдүү көрүнүшү мүмкүн. Качан жакындан таашыша келгенде гана сыйчыл жана жайдары экенин билесиз. Калкынын саны аз болгондуктан, сураштыра келгенде бири- бирине тууган чыгышат.Ошондуктан катуу урушуп- талашып кетүүдөн сак болушат. Сатистикага таянсак Исландиялыктар узак өмүр сүрүшөт. Табигаты кооз, аралдардан турган өлкө. Өлкөнүн аталышынын кыргызча мааниси “муздар өлкөсү” деп аталаганы менен анчалык деле суук эмес. Кышкысын -6 жайында эн ысык +20 градуска жетет. Андагы токойлор, муз менен курчалган деңиз жээктери, жана миңдеген гейзерлер туристтердин көңүлүн кош калтырбайт. Бир аз салкын шамалды жана нымдуулукту жакшы көргөндөр үчүн эң ылайыктуу жай деп айтышат. Төрт тарабын суу курчагандыктан исландиялыктардын негизги кесиби балык улоо. Бекеринен улуттук тамак дагы акуланын этинен жасалган “хаукарль” саналбаса керек. Туристтер үчүн дагы бир ыңгайлуу жагы талап-тоноп кетүү деген түшүнүктөр такыр жок. Үйүнөн кетип жатып дагы ачык эле калтыра беришет. Унааларын бекитишпейт,балдарын деле кароосуз калтыра берет. Технологиясы өнүгүүнүн үстүндө. Туристтер үчүн шарттар жакшы.Учурда, Исандия дүйнөгө калкыны саны аз, жаш жана сырдуу, саякаттоого кызыктуу өлкө катары белгилүү.