Жылмаюунун мекени болгон Таиландга эс алуу үчүн эмнелер керек?

Эң популярдуу туристтик жерлерге радиосаякатыбызды улантабыз. Бүгүн биз “Жылмаюунун мекени” деп аталып калган Таиланд өлкөсүнө сапар тартабыз. Бул жакка Азия өлкөлөрү визасыз эле барууга болот. Болгону медициналык кароодон өтүш керек. Авиабилеттердин баасы кескин көтөрүлүп кайра түшүп турат. Ошол себептен арзандаган убакытта алдына ала алып койгон жакшы.
        Бул өлкөнүн кооздугуна суктанбай коюуга мүмкүн эмес. Табигаттын сулуулугу, эң сонун атмосферасы, жагымдуу эмоциянын көптүгү эргүү тартуулап адамдардын жүздөрүнө дайыма жылмаюну пайда кылат. Сырттан барган кишиге бул нерсе дароо байкалат. Ошол себептен “Жылмаюуну мекени” деп айтылып калган.  Эли өздөрүн өтө эркин  жана жайбаракат алып жүрүшөт, эч качан шашылышпайт. Маданияты өтө бай, меймандостугунда сөз жок. Дагы эмне кызыгы бар?… Көптөгөн сандагы буддиздик храмдар, 50 минге жакын улуттук парк, кооз аралдар, белгилүү Таиланд массажы, SPA, дайвинг, спорклинг деп аталган эс алуунун түрү, түрдүү тамакка бай ашканасы, сиз ооз тийип көрө элек мөмө – жемиштер,сиз даамын тата элек шире, коктейлдер бар. Ошол себептен бир гана кызыктуу эс алуу үчүн эмес, жаңы даамдарды татып көрүү үчүн дагы туристтер көп барышат. Жаратылышы  түрдүү жаныбарларга бай.  Арстан, маймыл жана пилдерди көрө аласыз. Барган туристер сөзсүз  пил үстүндө саякатташат. Таиланд эли дал ушул пилге өзгөчө мамиле кылышат. Ар бир пил медициналык кароодон өтүп турат. Кызыгы, жашы өткөндө пилдер дагы пенсияга чыгарылып, акча төлөнөт. Дагы бир туристерди кызыктырганы, балыктар урушун уюштурушат.Аларды урушчаак кылып колго өстүрүшөт. Климаты ысык жана кургак. Жыл бою жай мезгили гана өкүм сүрөт.

Борбор шаары – Бангкок. Акча бирдиги  “Таи”. Бирок туристтер үчүн доллар менен соода кылуу ыңгайлуу эле. Кафе, ресторан, ашканалардын саны өтө көп. Көчөдө кадам сайын дал ушундай тамак – аш саткан жайлар. Ошондон уламбы “ачкамын” деген сөз адабиятында таптакыр кездешпейт экен.  Унаа менен жолдо жүрүүдө өтө сак болунуз. Жол эрежелерине өзгөчө көңүл бура беришпейт. Буга себеп алар айдоочулук күбөлүктү бир күндө эле алышкандыгы. Лекцияга катышып, эрежелер боюнча суроолорго жооп берип күбөлүк ала берет. Дагы айта берсек кызыктары көп,саякатоого ылайыктуу жер. Ошондон уламбы, айрым европалыктардын пенсияга чыккандан кийн калган өмүрүн кызыктуу кылып өткөрүүгө Таиландга көчүп кетишет.Бир жылда үч жолу жаңы жыл тосушат. Өздөрүнүн календары боюнча азыр Таиландыктар 2563-жылда жашап жатышат.

Заманыбыз тынч,ден- солугубуз бекем болуп, аэропортор ачылып, саякатоолор эртереек башталсын деп ниет кылабыз.