Жылды жаңылануу менен баштаган Сайкал Садыбакасова

2020-жылдын босогосун а деп аттаганда эле жакшы жаңылык, жаңылануу менен баштаган “Кыз бурак” тобунун жетекчиси Сайкал Садыбакасова жакында жаңы чыгармаларды клиби менен кошо биринин артынан бирин тартуулаганы турат. Топтун жетекчилиги менен кошо жеке чыгармачылыгын бирге алып барып жаткан таланттуу ырчы жеке өзү төрт ыр, ал эми “Кыз бурактан” эки чыгарма даярдалып жатканын айтат. Анан да кайгылуу ырларга көп басым жасаган Сайкал; “Мындан ары чыгармаларымдын мазмуну мени бактылуу экенимди көргөзөт” дейт. Демек, жеке жашоосунда жана чыгармачылыгында ити чөп жеп турган эмгекчил айымга ийгиликтерди каалайбыз.