Ырчылыктан мугалимдикке өткөн – Кумар Асанов

Кезинде аскердик формачан “Кыргызстан” деп обон созгон Кумар Асанов аттуу ысымды унута элек чыгарсыз. Дал ошол арыкчырай жаш жигитти күйөрмандар сахна үстүнөн көрбөй калганына көп болду. Анын ырдаган ыры убагында мамлекеттик иш чаралардын гимнине айланган эле. Өспүрүм экенине карабай эл көңүлүнө алынган Кумар Асанов учурда эмне менен алек болуп жүрөт деген суроонун жообун өзүнөн алдык.

       “Тиричликтин айынан бир учурда Москвага да барып иштеп келдим. Ал эми учурда кезинде алган музыкалык билимимди балдарга үйрөтүп, бала бакчада музыка мугалими болуп иштейм. Андан тышкары хордон да сабак берем. Кайрадан сахнага кайтуу ою планымда бар, андыктан күйөрмандарымды учуру келсе, жаңы чыгармалар менен сүйүнтө алам” – дейт ырчы.