Ырчы Айар сахнадан кетти

“Карындашым”, “Ардагым” аттуу ырлары менен таанылып, эл назарына алынган ырчы Айар акыркы кездери көрүнбөй кетти. Бир гана сахна же теледен эмес социалдык тармактардан да таппай калдык. Көрсө, ырчы жигит чыгармачылыкты биротоло жыйыштырып, сахнадан кеткен экен. Бул тууралуу анын сахналаш достору билдирди. Күйөрмандарынан кол үзгөн Айар интернеттеги жеке баракчаларын дагы өчүрүп салганын байкоого болот.