Туристтердин сүйүктүү ордосуна айлаган, аралдардын өлкөсү Индонезия…

Бул мамлекеттин башкы өзгөчөлүгү климаты менен маданияты. Эгер Индонезия өлкөсүнө эс алуу үчүн сапар тарта турган болсонуз, кыргызстандыктыр үчүн 30 күндүк визасыз саякатоо мүмкүнчүлгү бар. Бишкетен, Индонезиянын борбор шаары, Джакартага түз аба каттам менен уча аласыз.

Экватор сызыгын кесип өткөн, Австралия менен Азиянын ортосунда жайгашкан Индонезия дүйнөдөгү эң чоң аралдардын өлкөсү болуп саналат. Толук аталышы Инданезия Республикасы. Калкынын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Акча бирдиги “рупия”. “Индонезия” деген сөз аралдар деген түшүнүктү билдирет. Анткени бир эле өлкөдө 17 500дөн ашуун арал бар. Туристердин эң чоң тобу ошол аралагы отелдерге жайгашышат. Жана ошондой эле адырлуу тоолор тропикалык жыш токойлор ээлейт. 100дөн ашык жанар тоо бар. Аралдардын көз суктанткан табигый сулуулуктары менен аба ырайынын жанга жайлуу туруктуулугу бүгүнкү күндө көптөгөн туристердин назарын өзүнө оодарып отурат. Шаардын үйлөрү пальма, фикус, манголий дарактарына чулганып, көчөлөрү альея, парк сыяктуу элестелет. Жапжашыл жана таза табигаты эстен кеткис саякат тартуулайт. Ар дайым 12 саат түн,12 саат күн болот. Индонезиянын дагы бир өзгөчөлүгү жыл бою эки гана мезгил өкүм сүрөт. Жамгырлуу жана кургак. Кургак учурда +35градус ысык болсо, эң муздак деп эсептелген жамгырлуу кези  +20 градустан түшпөйт. Эли өтө меймандос келишет. Калкынын 90%ы мусулмандар. Калкынын саны боюнча төртүнчү оорунда турганы менен аймагы кичине.  Бирок, кызыгы бир дагы метро салынган эмес. Ошол себептен  унаалардын эң чоң тыгыны мына ошол жакта. Жана жеке унаада да үчтөн жогору сандагы киши болуш керек. 1-2 киши гана жүргөнгө мыйзам уруксат бербейт.

Тамак-ашы туралуу айта турган болсок, негизги азыгы — күрүч. Күрүчтүн түрүнөн жасалган тамак – аштарды көп жешет. Кызыгы, дасторкон үстүндө кашык, вилка, бычак дегендер коюлбайт. Ашканасында да бул нерселерди өтө аз пайдаланышат. Тропикалык өлкө болгондуктан бардык нерселер өсүп, экспорттоо жагынан алдынкы оорунда. «Миң уккандан, бир көргөн артык» дейт го. Эртерээк карантин күндөрү толугу менен жыйынтыкталып, аба катамдары ачылып, саякатка чыгалы.