Туристтерди таң калтырган – Япония

Бүгүнкү саякатыбыз өнүккөн технологиянын мекени, кичи пейил калкы жана тазалыкты сүйгөн күн чыгыш өлкөсү, Японияга саякатка чыгабыз. Себеби, быйылкы жылдын эсебинен Японияга барып эс алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анткени, Япония бул жылы туристтерге күнүнө 185 доллар каражат төлөйт. Бул демилгеге атайын 12 миллиард 5 миллион доллар бөлүнгөн. Ошондо, 185 доллар Японияда жүргөн туристтердин чыгымын болжол менен жарымын жабат экен. Бул программа ушул айдын аягында күчүнө кирет.

Саякатка жолго чыга турган болсоңуз,эс алууга ачылган убактылуу виза аласыз. Бишкектен Токиого түз каттам жок болгондуктан, Казакстандын Алматы шаары аркылуу учканыүыз ыңгайлуу. Ал эми учурда, Япониядагы кыргыздардын саны 20 миңге жетип калды. Бирок ал жакка дээрлик эс алуу үчүн баргандар жокко эсе. Көпчүлүгү студенттер окууга, дагы башкалар жумуш иштөөгө барышат. Бул өлкөгө саякатка барып калсаңыз, кадам сайын сизди таң калтырат. Биринчи эле тазалыгы. Күндө бут кийимиңздин чаныз сүрүп да убара болбойсуз. Байкабай таштандыны туура эмес жерге таштап албаңыз, болбосо олчойгон айып пул төлөп каласыз. Борбор шаары, Токио дүйнөдөгү эң коопсуз шаар. Эс алып жүрүп кокусунан буюмуңузду бир жерге унутуп калсаңыз, эртеси ошол эле ордунан таба аласыз, же сурасаңыз ошол жердин ээси дароо кайтарып берет. Баса, дагы бир эске алуучу жагдай, барганда акчаңызды толук түрдө жергиликтүү валютага которуп алыңыз. Дээрилик бардыгы өздүк валюта менен гана соода кылышат жана каалаган жайдан акча алмаштырууга дагы оңой эмес.
Кичинекей өлкө болгону менен ичинде өтө чоң эс алуучуга салынган имараттар, укмуштуудай өнүккөн жогорку баадагы эс алуу парктары, дүйнөдөгү эң бийик сыйгалануучу горкалар, эң жогорку сапаттагы тейлөөсү сизге сөзсүз жагат.

Ал эми табигатына кызыккандар жаз мегилинин аягында көп барышат. Бул учур көз жоосун алган Сакура гүлүнүн гүлдөгөн учуруна туура келет.

Айтматовдун чыгармасында жана көптөгөн жерлерде легенда болуп айтылып жүргөн Фудзияма тоосун дагы көрө аласыз. Кирсеңиз чыкпай калчудай болгон калын токойлорду адамдар менен коркпой эле аралышып көнүп калган бугуларды кезиктиресиз. Кызыгы бул токойлор табигаттан эмес, өздөрү үч миллонго жакын дарак отургузуп токой кылып алышкан. Айтор, кызыктуу эс алууга, таң калууга себептер көп.

Ал эми япон ашканасы туура тамактануунун эталону. Алар дайыма ден-соолукка пайдалуу азыктар менен тамактанышат. Көбүнчө деңиз азыктары, жашылча жемиштер жана күрүч.


Калкынын 95 пайызы жопон эли. Дээрлик баардыгы жапон тилинде сүйлөшөт. Бирок, англис тилин жакшы өздөштүрүшкөн. Демек ангис тилин билсениз тилден кыйынчылык деле болбойт. Эли өтө сыпайы келгендиктен жардам сурасаңыз кайдыгер калтырбайт. Барган жериңизден “аригато газаимашта” сизге чоң рахмат деп, жүгүнүп узатышат. Ушуну менен биздин радио саякатыбыз жыйынтыкталды. Ал эми чыныгы саякат сиздин жашооңузда болсун.