Той ырларынын башкы радиосу Сүйүнчү – 1 жашта!

Мындан туура бир жыл мурун, дал ушул күнү таңкы саат 7:00 дөн тартып Ала Тоо арасында жакшылыкты жар салган, кубанычтын радиосу Сүйүнчүнүн добушу жаңырып баштаган. Тойду сүйгөн шайыр кыргыз элине тез арада таанылып өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө карата Ала Тоо аянтында 12 миңден ашуун көрүүчүгө чоң программадагы концерт тартуулады. Бир жыл ичинде Кыргызстандын 5 облусу, 7 шаарына жаңырып жайдары угармандарды топтоду. 900 дөн ашык угарманга фирмалык белектерин тартуулап, социалдык тармактардан 30 миңдей дос тапты.

Бул биздин жайдары команданын бир жыл ичинде гана жасаган иши. Кылымдар бою Сүйүнчү кыргыз элине жаңырып, жылдын 365 күнү, сутканын 24 сааты тынымсыз кызмат кылууга даяр!