Ийгилик тарыхы

  Кыргызстанга дайым «Сүйүнүч» алып келген ысым Айсулуу Тыныбекова. Бул балбан кыздын аты дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жанырды. Жакында эле Rыргызстандын тарыхына өзгөртүү киргизип, дүйнө чемпиону болуп элин кубантты. Балбан кыз Айсулуунун ийгиликке карай кадамдарын сыймыктануу менен даярдадык. Жалал-Абадда төрөлгөн, Кочкордук кыз Айсулуу 93-жылкы. Үй-булөдө беш бир тууган. Бала кезинде кыздарга караганда балдарга жакын өсүп, тийишкен балдардын сөзсүз жазасын берчү. 9-класстан тарта Кочкордо таэквондо менен машыга баштайт. «Кыз башы менен үйдө эле отурбайбы» деген сөздөрдү ошондо уккан. Күрөш менен алгач Нарын шаарында биринчиликке ээ болгон. Анда эч ыкмасы жок эле кара күчкө салып женгем дейт. Бул мектепте окуп жүргөндөгү алгачкы жеңиши. Ошол эле учурда сабакты жакшы окуган.
2010-жылы Бишкекке келип окууга тапшырып, ошол эле учурда спорт менен алектенүүсүн улантат. Кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен таанышат. Ошол күндөн бери экөө биргеликте тынымсыз эмгектенип келет. Агайы, Айсулууну жаны денгээлге көтөрүп чыкты. Алтындай убактысын андан аяган жок. Муну Айсулуу өз сөзүндө тастыктаган. Ошол 2010-жылдан бери үй жумуштарын жыйыштырып койгон. Анткени андан улуу, бийик максаттарым бар деп эсептейт. Майда иштерди кылбай калдым деп кейибейт деле. Себеби, спортту тандап кеткен жылдарга чейин эшиктин да, үйдүн да жумушун кылып, талаа иштерин да жасачу. Бардык жумушту бүтүргөндөн кийин, кечинде көчөнү чаңызгыта ойногонго да жетишчү.
Жанында дайыма күндөлүк жүрөт. Жан адамга, жакын курбусуна айта албаган сырлары ошол күндөлүктөн орун алат. Эргүү келгенде ыр жазып же жүрөктүн түпкүрүндөгү ойлорду кагазга тушүрөт. Мындан ал жеңилдеп калат.
Баса, спортчу кыздын гардеробунда калассикалык үлгүдөгү кийимдер көп. Көйнөк кийгенди дагы жакшы көрөт. Чет өлкөгө барганда көйнөк алмайын кайтпайт. Окуучу кесизде апасы чоңойгон сайын «Айсулуумдун мүчөсү сындуу, буюрса, модель болот» деп айтып калганы бар. Башка кыздардай эле бийик такалуу бут кийимдердин күйөрманы. Мектепте шиштаканы көп кийгендиктен мугалимдерден тил укчу.
Атактуулук анын жан дүйнөсүн эмес, баскан-турганын өзгөрттү. Озү менен өзү калганда кандай болсо, коомчулук алдында да ошондой. Анын башкы принциби өзүнө болгон ишеничи чон болуш керек. Эгерде адамдын оюнда 1 пайыз жеңилип калам деген ой келсе, анда ал жеңилет. Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медалдын ээси жакында гана болду. Бир нече жолку Азия чемпиону, Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону, эларалык класстагы чебер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спортчусу, «Данк» медалынын ээси. Кыргыз элини бактысына жаралган балбан кызыбызга келээрки Олимпиада оюндарында ийгилик каалап рубриканы жыйынтыктайбыз.

Убактысы (5)

Дүйшөмбү
-

Шейшемби
-

Шаршемби
-

Бейшемби
-

Жума
-