ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Биздин ырлар эми телеграм каналында

Көңүл көтөрүп, адамга кубат берүү жагынан музыканын таасири зор. Адатта, кандай сезимге туш болсок да дароо ыр менен сырдаш жана дос болгонубуз бар. Адам кайсы жерде болбосун ар дайым аны музыка коштоп жүрсө, маанайы ачык, терс ойлордон алыс болууга шарт түзүлөрү далилденген. Андыктан, дал ушул жагдайды эске алып жайдары радиоңуз…

Кыздарды кайра – кайра ыр суранткан Алмаз Шаадаев, түнгө чейин миңдеген катталуучуларга онлайн концерт тартуулаган Гүлназ Чыныбек кызы…

Бул күндөрү жумурай журтту эриктирбеген интернет айдыңы не бир кызыктарга толуп турган учуру. Аны менен катар биздин жайдары радио “Сүйүнчү – жылдыздарда” долбоорун баштаган. “Чу” дегенде эле кыргыз эстрадасынын сүймөнчүктүү ырчысы Толгонай Арзыкеева баракчаны колго алып катталуучулардын көңүлүн көтөрдү. Өзү Америкада жүрсө да кыргыз эли менен бирге болгон Эрлан Андашев…