ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Акбарыма ыраазымын… Ырчы Акбар Сүйүнбаев кандай күйөө бала? Кайнененси Айтбүбү апа менен маек

Адатта келин-кайнене, күйөө-бала кайнене ортосунда кандайдыр бир чек болору жашыруун эмес. Биздин төрүбуздүн конокторунда андай аралык жок. Эне баладай ысык мамиле, бири бирине сый-урмат күч. Ырчы Акбар Сүйүнбаев кандай күйөө бала? – деген суроого кайненеси Айтбүбү апанын жооп бергенин сиздерге да сунуштайбыз. Эң биринчи күйөө бала менен көрүшкөндөгү күндөн маекти…

Жагымдуу эмоцияга бай – Жылдыздуу отуруш!

Сүйүнчү радиосунун “Жылдыздуу отуруш” долбоорунун биринчи чыгарлышы 24-сентябрда болуп өттү. Бир апта бою оюнга катышып жүздөгөн угармандын арасынан суурулуп чыккан беш угарман Анжелика менен бир дасторкон үстүндө маңдайлаша отуруп, чогу ырдап, жакшы сөздөрүн арнап чер жазышты. Алдын ала даярдык көрүп келишкени дароо көрүндү. Белеги менен кошо комузун көтөрө келген Акылай…

Жеңиш куттуу болсун Кыргызстан!

Сүйүнчү! Ырчы, дастанчы Азиз Батыров Түркиянын Ялова шаарында өткөн эл аралык фестивалда шакирттери менен 1-орунду жеңип алды. Жалпысынан 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан сынакта “Ынтымак” тобунун 10 мүчөсү өнөрүн көргөздү. Белгилей кетсек, Азиз Батыров шакирттери менен 15-июлда фестивалга катышуу үчүн Түркияга учуп кеткен.

Тогуз жашында “Маданияттын мыкты кызматкери” наамын алган Үмөт Дөөлөтов…

Тепейип отуруп алып, “Манасты” куюулуштуруп, тынымы жок айткан үч жарым жаштагы Үмөт тууралуу сиз дагы билсениз керек. Кичинекей Гений аталган Үмөт азыр 15 жашка чыкты. Анын тан калтырган таланты, эл билбеген кызыктуу фактылары тууралуу алдыда кененирээк. 2005-жылы Нарын облусунун Миң Булак айылында туулган Үмөт айтылуу Тыныбек манасчынын урпактарынан. Улуу манасчынын…

Сыймык Бейшекеев сууда сүзүүнү мыкты өздөштүрсө, Самар Каримова сүрөттү жакшы тартат. Ырчылардын өңгө билбеген өнөрлөрү….

Табияттан берилген үн, аткаруучулук чеберчиликтен тышкары биз ырларын сүйүп уккан ырчылардын эл билбеген өнөрлөрү бар. Маселен, КРнын эмгек сиңирген артисти, калк кадырлаган, эл сүйгөн ырчы Сыймык Бейшекеев бир топ жылдан бери спорт менен машыгып келет. Таң эрте туруп 8 чакырымга чейин чуркап, андан сырткары сууда сүзүүнү дагы мыкты өздөштүргөн. “Дени…

Ырчы Төлөгөн Мамыров Кара – Сууга күйөө бала болду

Жубайыңа жумшаксың деп досторум, Сөз кылышат, мен ал сөздөн коркподум. Өз аялым, жумшак болсом эмне экен? Жумшак эмес, мерездиктен коркомун – деген ыр саптар  көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун таап, хит чыгармага айланган. Өзү үйлөнө элек болсо дагы жүрөккө жеткире аткарган ырчы жана обончу Төлөгөн Мамыров бул чыгарманы арнай турчу жарын тапты.…

Назира Жетигенова; “СҮЙҮҮ ТАПТЫМ, СҮЙҮНЧҮ!”

Куудул жана алып баруучу Назира Жетигенова жакында турмушка чыгарын айтып, жашоосундагы сүйүнүчтүү жаңылдыктары менен бөлүштү:  – Сүйүнүчтүү кабарларым бар. Чыгармачылыктагы жаңылыгым, белгилүү  телеканалдардын биринде “Назира шоу” деп аталган көңүл ачуучу программамды ачтым. Азыр ошол жакта иштеп жатам.  Ал эми жеке жашоомо  сүйүү келди. Өз сүйүктүүмө жолуктум, жакында турмушка чыгам. Бул…

“БИР УЧУРДА ҮНҮМДҮН НАЧАРДЫГЫНАН ОКУУ ЖАЙГА ӨТПӨЙ КАЛГАМ” Кыргыз эстрада ырчысы Минюра Рахимжанова менен маек

Өзүнүн өзгөчө үнү менен уккан жандын дароо эсинде калган таланттуу ырчы Минюра Рахимжанова “бир кезде үнүмдүн начардыгынан сынактан өтпөй калгам” – дейт. Ырчы айым “Бүгүн кечинде” шоу программасында конокто болуп, кызыктуу маек куруп берди. Бардык чыгармачыл адамдарга берилүүчү баналдуу суроо, бирок ошентсе да билгибиз келет. Чыгармачылыктабы же жеке жашоодобу, айтор…

Майрамыңыздар менен!

Сүйүктүү кыргызстандыктарды 31-август эгемендүүлүк күнү менен Сүйүнчү радиосунун жайдары командасы куттуктайт. Өлкөбүздүн өнүгүү жолу даңгыр болуп, калк арасында ынтымак – ырашкерлик ыроолосун. Ар бир кыргыз үйүндө кубанычтар дайрадай агылып, мамлекетибиздин келечегин кура турган уул-кыздар төрөлсүн. Элибизде белгилей турчу жакшылыктын саны өсүп, ар бир үйдө Сүйүнчү жаңырсын!

Сүйүнчү радиосунун жайдары командасы жаңы сезонго даяр!

Кыргыздын той-майрамга көп күндөрүн камтыган алдыда – КҮЗ! Ал эми жайдары радиоңуз Сүйүнчүдө – ЖАҢЫ СЕЗОН! Ар таңда маанайыңызды көтөрүп сизди ойгото турчу “Боорсок шоу” программасы жаңылануу менен кайрадан эфирге кайтып келет. Угармандардын сүйүктүү ди-джейлери Бүбү жана Тилек кызыктуу рубрика, бүйүр кызыткан оюндар жана белектерди сиздер үчүн  камдады. Ал эми…