ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Сүйүнчү! Кут – береке жаадырып, булак көзүн ачтырган Нооруз келди жергеме!

Сүйүнчү радиосунун шайырлары сиздерди, улустун улуу майрамы менен чын ыкластан куттуктайт! Берекенин башатын, бейпилдиктин каадасын сунган бул мезгилде ар бир үйгө ырыс-кешик ыроолоп, ар бир жандын ой-максаты орундалышына тилектешпиз. Жашооңуз жайдары болуп, жан дүйнөңүз музыкага толсун! Сүйүнчү радиосу бул күнгө карата эң сонун майрамдык эфир камдады. Жаздын демин даана сездирген…

Эл сынасын кимдин кандай арышы, Сүйүнчүдө кыз – жигиттин жарышы!

21-март Нооруз майрамына карата Сүйүнчү радиосунда бүйүр кызыткан “Кыз – жигиттин жарышы” болот. Эл сүйгөн Мээрим Карыпова, Рустам Сагыналиев, Азиз Батыров жана Бурул Раймалиева баш болгон элдик таланттардын таймашы саат 13:00 жана 15:00 до жайдары толкундан орун алат. Эки тараптын кимиси мыкты, кимиси күчтүү экенине күбө болуңуздар. Ар бириңиздин добуш,…