ЖАЙДАРЫ ЖАША!

“БИР УЧУРДА ҮНҮМДҮН НАЧАРДЫГЫНАН ОКУУ ЖАЙГА ӨТПӨЙ КАЛГАМ” Кыргыз эстрада ырчысы Минюра Рахимжанова менен маек

Өзүнүн өзгөчө үнү менен уккан жандын дароо эсинде калган таланттуу ырчы Минюра Рахимжанова “бир кезде үнүмдүн начардыгынан сынактан өтпөй калгам” – дейт. Ырчы айым “Бүгүн кечинде” шоу программасында конокто болуп, кызыктуу маек куруп берди. Бардык чыгармачыл адамдарга берилүүчү баналдуу суроо, бирок ошентсе да билгибиз келет. Чыгармачылыктабы же жеке жашоодобу, айтор…